Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда 700 миң адам өтө жакыр жашайт

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 1247 | 0

Бүткүл дүйнөлүк банк билдиргендей, Кыргызстанда 2020-жылдагы жакырчылыктын деңгээли 2019-жылга салыштырмалуу 11 пайызга жогорулаган.

Өлкөдө 700 миң адам жакыр экени аныкталып, бул көрсөткүч 6,6 млн калкы бар Кыргызстан үчүн чоң сан деп эсептелген.

Бүткүл дүйнөлүк банк жарыялаган материалга таянсак, COVID-19 кризиси калктын кирешесине чоң таасир берди. Инфляциядан улам сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү азайып, аялуу катмардагы элге экономикалык кесепеттерин көрсөтүүдө.

Буга чейин, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви 2021-жылы Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 35 пайызга чейин жетиши мүмкүн экендигин айткан.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы экономика 8,6% ылдыйлады. Сомдун АКШ долларына карата курсу 19%га төмөндөдү.

Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда жакырлар дагы 35%га көбөйөт

Copyright © 2017 Maral FM