Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору менен жолукту

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 581 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектүү кызматташууга тийиштүү маселелер талкууланды.

Улуттук экономиканын артыкчылыктуу багыттарында өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгы баса белгиленди. Аны менен бирге республиканын тоо-кен, энергетика жана транспорт чөйрөлөрүндөгү дараметин жүзөгө ашыруу багытында мындан аркы иштешүү маселелери талкууга алынды.

Тараптар билим берүү, аймактарды өнүктүрүү, жалпы суммасы 145 млн долларына салык жана статистика системасын модернизациялоо долбоорунун маанилүүлүгүн белгилешти. Учурда алар боюнча күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедуралар жүргүзүлүп жатат.

Лилия Бурунчук өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банк Өкмөттүн көрүп жаткан бардык чараларын колдоого даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM