Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк коронавирус менен күрөшүүдө жардам берет

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 517 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар дагы катышты. Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен кызматташтыгынын актуалдуу багыттары жана келечеги боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банк өлкөнүн инвестициялык климатты, социалдык чөйрөнү, экономиканын алдыңкы тармактарын, анын ичинде энергетика, транспорт, санариптештирүү, билим берүү жана социалдык объектилерди куруу чөйрөлөрүн жакшыртуу боюнча олуттуу колдоо көрсөтүп келаткан стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелерин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн стратегиялык максаттар менен алдыдагы реформаларды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү экенин билдирди.

Лилия Бурунчук 2019-2022-жылдарга карата өнөктөштүк боюнча рамкалык программанын алкагында Кыргызстан менен кызматташуу улана тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал Банк тарабынан коронавирус менен күрөшүүдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам Фондун түзүү мерчемделип жатканын маалымдап, бул багытта Кыргызстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууга даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM