Биз менен байланышыңыз

Суу колдонуучулар ассоциациясына айыл чарба техникалары тапшырылды

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 564 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Суу колдонуучулар ассоциациясына «Белорус-82.1″ үлгүсүндөгү «Амкодор 702ЕВ» экскаватор-бульдозерлерин тапшыруу салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Техникалар Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосунда «Айыл чарба өндүрүмүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун гранттык каражаттарынын эсебинен сатып алынды.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, 2023-жылга карата программанын экинчи баскычы аяктап, 32 ирригациялык объект ишке берилет.

Өкмөт башчы ошондой эле, ал ушул жылы республикалык бюджеттен ирригацияны өнүктүрүүгө 300 млн. сом бөлүнгөнүн жана инвестиция түрүндө дагы 9,4 млн. доллар жумшоо пландалып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM