2020-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы 1,7%га кыскарат, бул өткөн жылдагы өсүшкө (4,9%) салыштырганда кескин артка чегинүү. Бул тууралуу Дүйнөлүк Банк жарыялаган «Европа жана Борбор Азия боюнча экономикалык көрүнүш: COVID-19 жана Адам капиталы» баяндамасында айтылат.
Ага ылайык, быйыл Казакстанда экономикалык төмөндөө 2,5%, ал эми Кыргызстанда 5,5% болору күтүлүүдө.
Тажикстан менен Өзбекстан рецессиядан кутула алышат, бирок алардын ички дүң өндүрүмүнүн болжолдуу өсүү темпи анчалык деле чоң болбойт. Тажикстанда 1,6% жана Өзбекстанда 0,6%, өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу — 7,5 жана 5,6%ды түзөт.
Пандемиядан улам келип чыккан экономикалык кыйынчылыктар Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө жакырчылыктын өсүшүнө алып келери күтүлүүдө. Жакырчылыктын чегин күнүнө 3,20 доллардан эсептелгенде, 1,4 миллионго жакын адамды жакыр деп айтууга болот.
Кирешеси арбын өлкөлөрдө (мисалы, Казакстанда) жакырчылыктын чеги күнүнө 5,50 доллар деп эсептелет. Бул формула боюнча, жакырчылыктын өсүшү аймакта 1,8-2,6 миллион адамдан ашышы мүмкүн.
Дүйнөлүк банк Борбор Азиядагы экономикалык өсүш 2021-жылы 3,1% га чейин калыбына келерин болжолдоодо. Буга чийки заттардын баасынын көтөрүлүшү жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы түрткү болот.
Ошентсе да, чөлкөмдө евроаймактагы, Орусиядагы жана Кытайдагы экономикалык кырдаал таасирин тийгизип, соода жүгүртүүсүнө жана акча которуулардын өсүшүнө тоскоол болуп жаткандыктан, келечек бүдөмүк бойдон калууда. Ушул факторлорду эске алганда, пессимисттик сценарий Борбор Азияда 2021-жылы өсүштү 1,5% деңгээлинде болжолдойт.
Калыбына келүү темпи пандемиянын узактыгына, COVID-19 вакцинасынын жеткиликтүүлүгүнө, дүйнөлүк суроо-талапка, ошондой эле глобалдык соода жана инвестициялардын жакшырышына жараша болот.
Казакстанда ИДӨнүн өсүшү 2021-жылы 2-3% ды түзүп, 2022-жылы пандемиянын башталышынын темпине кайтып келиши мүмкүн. Бирок, экономика туруктуу бойдон кала берет, андан ары өнүгүшү бизнеске терс таасирин тийгизип, жумуш менен камсыз кылуу кыскарат.
Пандемия өзгөчө жабыркаган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар. Эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана тышкы суроо-талапты жакшыртуу шартында 2021-жылы өсүш 4,8% деңгээлинде күтүлүүдө. Орто мөөнөттүү келечекте экономикалык көрсөткүчтөр өлкөнүн негизги соода өнөктөштөрү болгон Орусия менен Казакстандагы иштин абалына жараша болот.
Тажикстан акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү экономикалык өсүштү көрсөттү. 2021-жылы өлкөнүн ИДӨсү 3,7 %га жетиши мүмкүн. Бирок мындай божомол COVID-19 үчүн вакцинаны же дары-дармектерди иштеп чыгуудагы жетишкендиктер, ошондой эле акча которуулардын калыбына келиши жана тышкы сооданын темпи менен шартталган.
Пандемия Өзбекстандын 2020-жылдагы ИДӨнүн өсүшүн дээрлик толугу менен шал кылды. Бирок ресурстарды үнөмдөөгө жана жеке сектордун экономикага катышуусун күчөтүүгө багытталган реформалардын алкагында жалпы өлкө боюнча келечек позитивдүү бойдон калууда. 2021-жылы ИДӨнүн өсүшү 4,8-5% деңгээлинде болжолдонууда.
Баяндамада Борбор Азиядагы калктын 16 %дан ашыгы ашыкча салмактан жабыркап, дээрлик 12 %ы спирт ичимдиктерин колдонуп, 18 %га жакыны тамеки тарткандыктан COVID-19 калктын ден соолугуна катуу таасир эткени белгиленген. Мындай көрүнүш жүрөк-кан тамыр ооруларын гана көбөйтпөстөн, өлүмдүн өсүшүн жана COVID-19ду кошо алганда, жугуштуу оорулардын күчөшүн шарттайт.
Пандемиядан улам Борбор Азиядагы билим берүү тармагына келтирилген зыян келечекте экономикалык жоготууларга айланып кетиши мүмкүн, ал болжол менен 44 миллиард долларга бааланган.
Мектептердин жабылышы окуучулардын толук билим алуусуна терс таасир тийгизет. Бул өз кезегинде социалдык теңсиздикти күчөтүшү мүмкүн. Анткени негизги таасир калктын аялуу катмарына тиет. Мисалы, Борбор Азияда эң бай жана жакыр үй-бүлөлөрдүн студенттеринин окуу сабаттуулугунун айырмасы 8-30%га жогорулашы мүмкүн.
Калкынын жарымынан көбү жаштар болгон Борбордук Азиянын демографиялык курамын эске алганда, учурдагы билим берүү кризиси узак мөөнөттүү терс кесепеттерге алып келет.
«Борбордук Азия өлкөлөрү бардык студенттер үчүн сапаттуу билимге жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана жаш муун өзүнүн потенциалын ишке ашырышы үчүн окуудагы жоготууларды компенсациялоого көбүрөөк көңүл бурушу керек», — деди Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук.