Биз менен байланышыңыз

Карашев: Өндүрүш өнүкмөйүнчө азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынбайт

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 541 | 0

Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйынында депутат Аалы Карашев өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ишмердигин сынга алды. Анын белгилөөсүндө, өкмөттүн бааларды түшүрүү, биринчи кезекте керектеле турган азык-түлүктөр менен камсыз кылуу багытындагы иштери начар болуп жатат.

«Программаңарды, жүз күндүк ишиңерди көрдүм, анда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, тамак-аш азыктарына бааларды түшүрүү боюнча бир да пункт жок. Силер эми бекитип жатыпсыңар, бул көйгөйдүн башталганына 6 айдан ашты. Минтип жүрсөңөр, силер «кашаң» болуп бүтөсүңөр. Мындай жол менен маселени чече албайсыңар», — деди Карашев.

Карашев ошондой эле өндүрүш өнүкмөйүнчө, азык-түлүк менен камсыз кылуу, бааларды түшүрүү мүмкүн эместигин айтты. Кыргызстан өзүн биринчи керектеле турган тамак-аш азыктарынын болгону 3 түрү менен гана толук камсыз кыла алары уят иш экендигин, зарыл азык-түлүктөрдүн импортуна салыктык жеңилдиктер каралышы керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM