Биз менен байланышыңыз

АКШ: Импичменттеги «ийгиликсиз күн»

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 436 | 0

АКШда Ак үй Өкүлдөр Палатасынын Юридикалык комитетиндеги президент Дональд Трампка карата башталган импичмент иштери боюнча уктуруулардын алгачкы күнү «демократтар үчүн ийгиликсиз күн» болгонун айтты.

Ак үйдүн маалымат-катчысы Стефани Гришэм: «Трамп үчүн жакшы күндөрдөн болду. Демократтар президентке карата саясий оюн кылып, ошентсе да 3 либералдык профессордун пикирин угуу менен чектелди»,- деген пикирин билдирген.

4-декабрда импичмент боюнча эксперттик уктуруулардын алгачкы күнү аяктады. Соңунда комитет башчысы Жеррольд Надлер профессорлор президент Трамптын кызмат абалынан ашыкча пайдаланган, украин бийлигине басым кылган, Конгресстеги импичментке байланыштуу иликтөөгө тоскоолдук кылгандыгын ырастады деген жыйынтык чыгарды.

Күтүлгөндөй эле демократтар сунуштаган эксперттер Трампка болгон айыптоолорду жактаган, ал эми республикачылардан келген жалгыз эксперт алардын үстөмдүк кылганын айтты.

Импичменттин баскычтары

АКШ Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде 3-декабрда импичмент иштери боюнча угуулардын негизинде түзүлгөн жараянынын кабыл алышып, Өкүлдөр Палатасынын Юридикалык комитетине жөнөтүлгөн.

Юридикалык комитетте да коомдук талкуулар өткөндөн кийин комитеттин корутундусу палатада каралмакчы. Бирок импичмент тууралуу акыркы чечимди ушул тушта республикачылар басымдуулдук кылган Сенат кабыл алат.

Буга чейин Өкүлдөр Палатасындагы республикачылар Дональд Трампка импичмент жарыялоого эч кандай негиз жок деген мазмундагы баяндама жарыялашкан.

Себеби

Импичмент жарыялоо процедурасынын башталышы, Трампка болгон ишенбөөчүлүк анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган.

Демократтар Дональд Трамп кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген жүйөгө токтолууда. Анын башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандыруу менен, шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын айтып, Трампты чыккынчылык кылды деп айыптоодо.

Трамп өзү демократтар койгон айыптоолордун баарын четке кагып келет.

Copyright © 2017 Maral FM