Биз менен байланышыңыз

Президент Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 515 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзоданы кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте кыргыз-тажик өз ара кызматташуусунун бардык тармагында, анын ичинде чек ара кызматташтыгында жакшы кошуналык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди баса белгиледи.

Элчи Сухроб Олимзода президент Сооронбай Жээнбековго тажик тараптын экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну жогорулатуу боюнча жасалып жаткан аракеттери жөнүндө маалымат берди.

Copyright © 2017 Maral FM