Бүгүн Бишкекте футзал боюнча Кыргызстан менен Түркия курамаларынын экинчи жолдоштук беттешүүсү болот.
Кечээ Арча-Бешик конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн биринчи беттеште Кыргызстан курамасы 5:3 эсебинде утуп алды. Кыргызстандыктардан Максат Алимов 2 гол, Мирлан Жолдубаев, Дильшат Кадыров жана Юлдашбой Салимбаев бирден топ киргизишти.
Бүгүн 4 декабрда командалар экинчи оюнду өткөрүшөт. Беттеш 20:00дө башталат.
Командалар алдын ала макулдашуу боюнча 25 мүнөттөн эки тайм ойношту. Мындай форматтагы оюн көп футболчуларды оюнга чыгарып сыноого мүмкүнчүлүк берерин Кыргызстандын курамасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов билдирди.