Биз менен байланышыңыз

Салык кызматынын башчысы эсепке алынбаган товарларды ташууга жол бербөөнү талап кылды

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 453 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ишкердик максатта ташып келинүүчү эсепке алынбаган товарларды чек арадан алып өтүү фактыларына жол бербөөнү салыкчылардан талап кылды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Кыйыр салыктарды сапаттуу башкаруу фискалдык органдын актуалдуу жана маанилүү милдеттеринин бири болуп саналарын баса белгилөө менен Абдалиев ведомствонун кызматкерлерин ак ниеттүү, таза жана принциптүү иштөөгө чакырды.

Салык кызматынын төрагасынын айтымында, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында түзүлгөн жаңы башкармалыкка кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынын ишин уюштуруу, анын ичинде рейддик салыктык контроль жана товарларды ташып кирүүдө (импорттоодо) транспорт каражаттарын кароо милдети жүктөлгөн.

Принципиалдуу, чынчыл болуңуздар. Ар бир өтүп жаткан товарды эсепке алып, бул тууралуу бардык маалыматты аймактык салык органдарына онлайн аркылуу жибергиле, алар жер-жерлерде тийиштүү иштерди жүргүзүшсүн”, – деди Абдалиев.

Салык кызматынын башчысы посттордон келип түшкөн маалыматты сапаттуу контролго албагандыгы жана кыйыр салыктардын бюджетке келип түшүүсүн камсыз кылуу боюнча иштин начар уюштурулуп жаткандыгы үчүн бир катар аймактык салык органдарынын жетекчилеринин ишин сынга алды.

Бардык жашыруулар эртеби-кечпи айкын болот. Таза иштебегендер билинбей калып калат деп ойлошпосун. Ошондуктан, принцип менен таза иштеңиздер. Биз мындан ары да коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзүп, туура эмес иштеген кара ниет кызматкерлерден арылабыз”, – деди Салык кызматынын башчысы.

Салыктардын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн жол берилгистигин белгилеп, ведомствонун бардык кызматкерлерине, жетекчилик курамдан баштап катардагы кызматкерлерге чейин тиешелүү экендигин билдирди.

Абдалиев белгилегендей, ишкердик максатта товар ташып келген ар бир импорттоочу өлкөнүн бюджетине тийиштүү салыктарды төлөөгө тийиш. Кол тийбестиктер болбош керек.

Жыйынтыгында, Салык кызматынын жетекчиси салык төлөөдөн качкан ниети бузук импорттоочуларды аныктоо жана салыктардын зарыл болгон суммасын өндүрүп алуу боюнча системалык иштерди уюштурууга басым коюу менен бир катар тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM