Connect with us

Күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүсү иштелип, коомдук талкууга коюлат

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 541 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто окуу жайларынын билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин үлгүсүн иштеп чыгып, аны коомчулуктун назарына сунуштайт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жаралып жаткан көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн 20 адамдан турган ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Ага жогорку окуу жайлардын, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кирген.

Жумушчу топ тиешелүү документтер боюнча өз сунуш пикирлерин иштеп чыгып, 16-декабрга чейин күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүсүн сунушташат. Документтер комиссиянын жалпы жыйынында жактырылгандан кийин министрликтин расмий сайтына жарыяланат.

Үлгүлөр эки апта коомчулуктун назарында болуп, алардан түшкөн сунуш-пикирлерин эске алуу менен басып чыгарууга уруксат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM