Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия фонду таза суу менен камсыз кылууга 30 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 435 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган Кыргызстан менен Сауд Аравия фондунун ортосундагы «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу» долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилмекчи.

Долбоордун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адамдын таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле, эл арасындагы сапаты начар суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу тармагынын өнүгүүсүнө багытталат.

 

Copyright © 2017 Maral FM