Биз менен байланышыңыз

Баткен: Сауд Арабиядан келген 8 адам карантинге алынды

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 916 | 0

Бүгүн, 18-мартта Баткенде Сауд Арабиядан келген 8 адам карантинге алынды, алардын абалы жакшы. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Маалыматка ылайык, оору табылган жарандар менен байланышта болгон жарандар такталып, Баткен облусунан 8 адам аныкталды. Алар Сауд Арабия мамлекетинен бир авиа каттамда, Кыргызстанга учуп келишкени маалым болду.

Учурда Баткен районунан 7 адам, Кадамжай районунан 1 адам ооруканада карантинде. Алардан коронавирус оорусуна анализдер алынды. 8 жарандын тең учурда абалдары жакшы, коронавирус оорусунун белгилери жок.

Бул боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов тиешелүү жетекчилерди чогултуп, тапшырмаларды берди.

Ыйгарым укуктуу өкүл карантинге алынган адамдардын саламаттыгын дыкат текшерүүгө алуу, жакындары менен байланышына тыюу салуу, керек болгон бардык медциналык жардамдарды көрсөтүү, алардын жашаган үй-жайларын дезинфекциялоону милдеттендирди.

Ошондой эле коомдук жайларды, транспортторду дезинфекциялоо иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Баткен облусунда учурда азык түлүккө, медициналык каражаттарга, дары-дармектерге тартыштык жок. Базар баалары туруктуу. Той-аштар, массалык иш-чаралар токтотулду.

Ыйгарым укуктуу өкүл ар бир жаранды өздүк гигиенаны сактоого, сак болууга жана сабырдуулукка чакырып, ар бир жаран коопсуздук үчүн, мамлекет тарабынан киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылуусу зарыл экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM