Биз менен байланышыңыз

Президенттин Сауд Арабиясына болгон визитинде 6 документке кол коюлду

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 2218 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында, бүгүн, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— Кыргыз Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо жана коргонуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргыз Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы спорт чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу;

— Ветеринардык жана жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Сауд Арабиясынын Айыл чарба, айлана-чөйрө жана суу ресурстары министрлигинин ортосундагы айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча кызматташуу жөнүндө;

— Билим берүү жана илим министрлиги менен Сауд Арабиясы Королдугунун Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР Социалдык фонду менен Сауд Арабиясы Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

— Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма жолун (Балыкчы-Каракол-Балыкчы) реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашуу.

Copyright © 2017 Maral FM