Connect with us

Бишкекте үй-жайсыз адамдарга баш калкалоочу жайлар иштей баштады

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 753 | 0

Аба ырайынын сууктаганына байланыштуу үй-жайы жоктор үчүн баш калкалоочу жайлар күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Баш калкалоочу жайларда коопсуздукту сактоо үчүн райондук милиция кызматкерлери кызмат өтөөдө. Селсаяктарга үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери жардам көрсөтүүдө.

Аталган жайга жардамга муктаж болгондорду укук коргоо органдары жана тез жардам кызматкерлери алып келиши керек. Көптөгөн селсаяктар өздөрү тамак-аш жегенге жана сууктан жылынуу үчүн келишүүдө, — деп билдирди мэрия.

Баш калкалоочу жайлар:

-Свердлов районунун Фере көчөсүнүн 34 «А» дарегинде – 37 адам;

-Биринчи май районунун Жибек-Жолу көчөсүндөгү «Коломто» мекемесинде – 98 адам;

-Октябрь районунун 12-кичи районундагы Аалы Токомбаев көчөсүндөгү комбинаттын мекемесинде – 50дөн ашык адам;

-Ленин районундагы «Кайрымдуулук борборунда» аялдар балдары менен баш калкалоодо.

Copyright © 2017 Maral FM