Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-катар кызматташтык мамилелери талкууланды

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 330 | 0

27-ноябрда Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков «Qatar Airways» авиакомпаниясынын башчысы Акбар Аль-Бакер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен Доха шаарында өттү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде аба транспорту тармагындагы маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-катар мамилелерин өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташтыкты жандандыруу жана ар түрдүү иш-чараларды биргеликте өткөрүү жөнүндөгү макулдашууларга жетишилди.

Copyright © 2017 Maral FM