Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушту

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 402 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Беларусь өлкөсүнүн башчысы Александр Лукашенко менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM