Биз менен байланышыңыз

Трамп импичмент боюнча угууга чакырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 602 | 0

АКШ комитетинин башчысы Жеррольд Надлер Ак үйгө президент Дональд Трампты 4-декабрда боло турган импичмент боюнча угууга чакырган кат жолдоду. Чакыруу каты комитеттин сайтында жүктөлдү.

Катта жазылгандай, отурумда Трампка импичмент жарыялоого конституциялык негиз бар-жоктугу талкууланат. Бул үчүн Конгресске конституциялык укук боюнча юристтер менен эксперттер чакырылган.

Надлер президенттин угууга катышуусу милдеттүү эместигин, бирок комитетке карата сый-урмат көрсөтүү болуп саналарын кошумчалаган.

Азырынча Трамп Конгресстин бул чакыруусу боюнча пикирин билдире элек. Буга чейин президент импичмент иши боюнча тергөөнү сынга алып келген, ошентсе да Конгресс кайрадан жумушуна көңүл буруусу үчүн көрсөтмө берүүгө даяр экендигин айткан болчу.

Иликтөө материалдарынын Юридика комитетине берилиши — импичмент иши боюнча териштирүү аяктап калганынан кабар берерин жазат Борбордук Азия жаңылыктар кызматы.

Демократтар Дональд Трамп 2020-жылы өтө турган шайлоодо башкы саясий атаандашы Жо Байденге тоскоолдук кылуу үчүн шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууну көздөгөнүн айтып, Трампты чыккынчылык кылды деп айыптоодо.

Copyright © 2017 Maral FM