Биз менен байланышыңыз

Тоңуп өлгөн вьетнамдыктардын сөөктөрү мекенине жөнөтүлө баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 921 | 0

Октябрь айында Англияда жүк ташуучу унаанын ичинен Вьетнамдын 39 жаранынын сөөгү табылган. Алардын 16сынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу вьетнамдык VnExpress басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, учурда учак аркылуу 16 адамдын сөөгү жөнөтүлгөн. Калгандары Вьетнамга кийинчерээк жеткирилери айтылган.


39 өлүк жүктөлүп, Англиядан табылган фуранын видеосу жарыяланды


Эскерте кетсек, 23-октябрда Британиядагы Эссекс графтыгында ичинде 39 жансыз дене жүктөлгөн жүк ташуучу унаа табылган. Маалыматтарга ылайык, жүк ташуучу унаа Болгариядан чыгып, 20-октябрь күнү Улуу Британиянын аймагына кирген.

Мыйзамсыз миграция аркылуу келген жарандар жолдо эч кандай шарт болбогондуктан, контейнердеги абанын температурасы -25 °C градуска төмөндөгөндөн улам тоңуп өлгөндүгү айтылууда.

Маалымат кызматтары каза болгондорду алгач кытай жарандары деп атаган, кийинчерээк алардын вьетнамдыктар экендиги аныкталган.

Полиция бул ишке тиешеси бар делген бир нече шектүүнү кармаган, анын арасында өзү полицияга кабар берген жүк ташуучу унаанын айдоочусу – 25 жаштагы түндүк ирландиялык Морис Робинсон да бар.

Copyright © 2017 Maral FM