Биз менен байланышыңыз

Англияда табылган 39 жасатка байланыштуу эки адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2019 | 756 | 0

Англияда 23-октябрда ири жүк ташуучу унаанын ичинде табылган 39 адамдын өлүгү боюнча шектүү катары 38 жаштагы эркек менен аял кармалып, камакка алынды. Аларды Англиянын түндүк-батышындагы Уоррингтон шаарында кармашкан.

Буга чейин кылмышка шектүү катары унаанын айдоочусу 25 жаштагы ирландия жараны өзү полицияга кабар берип, кармалган болчу.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 39 кытай жарандары контейнердеги абанын температурасы -25 °C төмөндөгөндөн улам тоңуп каза болгондору айтылууда.

Эскерте кетсек, фура Болгариядан Англияга 20-октябрда келген. Ал эми 23-октябрда унаанын ичинен 38 чоң кишинин жана бир өспүрүмдүн өлүгү табылган.

Кошумчалай кетсек, Британия мигранттар эң көп келген аймак болуп, мурунку жылы аталган өлкөгө мыйзамсыз кирген 8 000 адам жүк ташуучу унаалар менен келгендиги белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM