Биз менен байланышыңыз

39 өлүк жүктөлүп, Англияда табылган фуранын видеосу жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 6756 | 0

39 өлүк салынып,  Британия полициясы тарабынан  табылган жүк ташуучу унаа Болгарияда катталган. Бул тууралуу Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып, «Новости» орусиялык агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Scania жүк ташуучу унаасы Болгариядагы компанияда катталган, ал унаа ирландия жарандыгындагы аялга таандык.

Жүк ташуучу унаалар ассоциациясынын жетекчиси Ричард Бернеттин айтымында, фуранын контейнери муздаткыч (рефрижератор) болгон. Анын ичи азык-түлүктөрдү ташууда -25 градуска чейин тоңот. «Мындай шартта адамдарды жүктөө — кыска убакытта эле өлүмгө жеткириши ыктымал»,- деп белгилейт Бернетт. Ага кошумча, контейнердин ичинде эч кандай жарык болгон эмес жана даарат кылууга да шарттар болбогон.

Эскерте кетсек, 23-октябрда Британияда ичинде 39 жансыз дене болгон жүк ташуучу унаа табылган. Унаа Грейс шаарындагы өнөр-жай аймагында токтотулган. Маалыматтарга ылайык, жансыз денелер жүктөлгөн жүк ташуучу унаа Болгариядан чыгып, 20-октябрь күнү Улуу Британиянын аймагына кирген.

Унаада 38 чон кишилердин өлүгүнөн сырткары, 1 өспүрүмдүн сөөгү болгон. Полиция алардын өздүгүн тактоо көп убакытты талап кылаарын жана алдын-ала божомолдор боюнча каза болгондор болгар жарандары экендигин айтууда.

Шектүү катары унаанын айдоочусу  25 жаштагы ирландия жараны кармалган. Учурда кылмыштын чоо-жайы териштирилип жатат.

Британиядагы каза болгон мигранттар жүктөлгөн фура окуясы боюнча Германиянын укук коргоо органдары да текшерүү иштерин жүргүзмөкчү. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министри маалымдады.

 

Copyright © 2017 Maral FM