Биз менен байланышыңыз

Коронавирус пандемиясы: 25-июлга карата дүйнөлүк кырдаал

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 603 | 0

Коронавируска каршы дүйнөлүк күрөш уланууда. Пандемия башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча 16 миллионго жакын адам коронавируска чалдыгып, 640 миңден ашуун адам көз жумду. Ошондой эле 9,7 миллиондон ашык бейтап оорудан айыкты..

Роберт Кох Институтунун маалыматына ылайык, Германияда 25-июлга карата коронавирус инфекциясынын 781 учуру аныкталды. Эпидемиянын башталышынан бери катталган инфекциялардын жалпы саны 204 миң 964 адамды түздү. Жаңы коронавирустук инфекциянын кесепетинен каза болгондордун жалпы саны 9118ге жетти. Айыгып кеткендердин саны дээрлик 189 миң 800 адамга жетти.

Англияда 25-июлдан баштап спорт залдар, спорт аянтчалары жана фитнес-борборлору  ачылат. Ишемби күнү эртең мененки маалыматка ылайык, Улуу Британияда коронавирус жуктургандардын саны 297 миң 914кө жетти. Алардын ичинен 45 миң 677 адам каза болгон.

Америка Кошмо Штаттарында төртүнчү күнү катары менен коронавирус инфекциясынан улам каза болгондордун саны 1000ден ашууда. Акыркы сутка ичинде бул көрсөткүч 1019 кишиге көбөйдү. Жалпысынан АКШда  145 миң 352 адам COVID-19дан көз жумду.

Май айында АКШда көптөгөн шаарларда эпидемияга каршы иш-чаралар жоюлган же начарлаган, натыйжада инфекциялардын саны көбөйүп, июль айында каза болгондордун саны көбөйгөн. АКШда коронавирустук инфекциялардын жалпы саны 4 миллион 106 миң 247 адамды түзөт. Акыркы суткада коронавирустун жаңы 68 миңден ашуун учуру катталган.

Орусиянын коронавирусту көзөмөлдөө боюнча оперативдүү штабынын маалыматы боюнча, Москвадагы коронавирустун курмандыктарынын саны 4375тен 4389га чейин көбөйдү. Бир күндүн ичинде 14 пациент көз жумду, аларда пневмония аныкталып, коронавирустук инфекцияга тапшырылган тесттин натыйжасы оң болгон. Орусиянын борборунда ишемби күнү эртең менен коронавирус жуктургандардын саны 236 миң 616га жетип, 173 миң 854 адам коронавирустан айыккан.

Бразилияда COVID-19 диагнозу тастыкталган 1115 бейтап акыркы сутка ичинде көз жумган. Дүйнө жүзүндө коронавирустан каза болгондордун саны бир суткада 9783 адамга көбөйдү. Өлүмдүн саны боюнча АКШ, Бразилия, Индия жана Түштүк Африка Республикалары лидер болуп келүүдө. Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча 636 миңден ашык адам коронавирус инфекциясынан көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM