Биз менен байланышыңыз

Футбол: Нидерланды «Улуттар Лигасынын» финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 7 Июн 2019 | 666 | 0

Футбол боюнча Европадагы улуттук курамалардын Улуттар Лигасы мелдешинин финалисттери аныкталды.

Кечээ экинчи жарым финалда Нидерланды курамасы Англияны кошумча 15 мүнөттүк бөлүктө утуп, финалга чыкты.

Португалиянын «Афонсу Энрикеш» стадионунда өткөн беттештин 32-мүнөтүндө англиялыктар эсепти ачты. Нидерланддын футболчулары 73-мүнөттө эсепти теңеп, негизги бөлүк тең чыгуу менен аяктады. Эки бөлүктөн турган кошумча 15 мүнөттүктө Нидерланды курамасы дагы эки гол киргизип, жеңишти илип кетишти.

Эми алар финалда талаа ээлери,  Европанын 2016-жылдагы чемпиону Португалия курамасы менен кез келет.

Футбол боюнча Европадагы улуттук курамалардын Улуттар Лигасынын финалындагы Португалия-Нидерланды беттеши 10-июнда өтөт.

Ага чейин Швейцария менен Англия коло байге үчүн ат салышат.

Copyright © 2017 Maral FM