Биз менен байланышыңыз

Англиялык «Тоттенхэм» Чемпиондор Лигасынын жарым финалында

Кыска кабар , Спорт | 18 Апр 2019 | 725 | 0

Европа футбол уюмунун (УЕФА) Чемпиондор Лигасындагы (ЧЛ) жарым финалдык жуптар аныкталды.

Кечээ мелдештин 4/1 баскычындагы «Порту» — «Ливерпуль» жана «Манчестер Сити» – «Тоттенхэм» беттештери аяктады.

Порту — Ливерпуль 1:4 эсебин менен аяктады. Жалпы эсеп 6:1, Ливерпуль жарым финалга чыкты.

Ал эми Манчестердеги беттеште талаа ээлеринин 4-3 эсебиндеги жеңиши кийинки баскычка чыгышына жардам бере алган жок.

«Манчестер Сити» – «Тоттенхэм» биринчи оюнда 0:1 эсебинде Тоттенхэм уткан болчу. Ошондуктан, эки беттештин жыйынтыгы менен ЧЛнын жарым финалына жолдомо алды.

«Тоттенхэм» Чемпиондор лигасы мелдешинин тарыхында алгачкы ирет жарым финалга чыкты. Муну менен Англиянын клубдары аталган мелдештин жарым финалында ойногону боюнча Испаниянын рекордун ашып өттү.

Эскерте кесек, ЧЛнын жарым финалисттери Англиядан: «Ливерпуль», «Манчестер Юнайтед», «Челси», «Арсенал», «Манчестер Сити», «Лидс» жана «Тоттенхэм», ал эми Испаниядан ЧЛнын жарым финалында «Реал Мадрид», «Барселона», «Валенсия», «Атлетико Мадрид», «Вильярреал» жана «Депортиво» командалары ойношкон.

Copyright © 2017 Maral FM