Биз менен байланышыңыз

10 айда 5185 үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү катталды

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 783 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө карата 10-декабрга чейин өтө турган «зордук-зомбулуксуз 16 күн» акциясын колдойт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы  үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү актуалдуу маселелерден экенин белгиледи.

«Физикалык, психологиялык, сексуалдык мүнөздөгү, кыскасы, кандай гана үстөмдүк болбосун, тийиштүү органдардын, коомчулуктун, мамлекеттин көңүл сыртында болбош керек, анктени зордук-зомбулуктун жасалышы – бул адам укугунун, адамдык кадыр-барктын кол тийбестик принцибинин бузулушу болуп саналат. Ал тургай балдарга карата жасалган кордук кабыл алынгыс нерсе. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке маселеси катары каралбашы керек, мындай фактыларды унчукпай коюуга же укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү жоопсуз калтырууга болбойт», — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын максаты коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик шартталган зомбулукка жол бербөө болуп саналат.

10 айда өлкөдө 5 миң 185 үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү учуру катталса, анын ичинде денеге залал келтирүү — 3647, психологиялык — 1362, жыныстык — 7. Үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинде катталган жоруктар – 5569 болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM