Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: «Коррупция менен күрөштө эң жооптуу адам — Жээнбеков»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2019 | 467 | 0

Коррупция менен эфективдүү күрөштө эң жооптуу адам — президент Сооронбай Жээнбеков. Анын жоопкерчилиги чоң. Анткени Жээнбеков — Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Ал Башкы прокуратура, УКМК, күч түзүмдөрүн толук көзөмөлдөйт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди:

— Жакшы нерсе болсо парламент башкаларды айтпай эле «президент иштеп жатат» дейт. Анда баягы эле «чимкириктерге»шылтап коюп отура бергиле. Парламент мыйзам чыгарат. Азыр мыйзамдардан коррупция менен күрөшпөө керек, пара берген камалбашы керек дегенди тапкылачы, — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзамдар идеалдуу жазылган, бирок аткарылбай жатат. Мыйзамдар өкмөт аткарат. Ал эми өкмөттүн курамындагы күч органдарын Жээнбеков көзөмөлдөйт. Башкы прокурорлор президенттин кареги менен тең айланат. Бул кичинекей балага да түшүнүктүү

— Президент коррупцияга каршы күрөш шайлоо алдындагы жана азыркы убактагы анын эң маанилүү милдеттери экенин дайыма ураан кылып айтып жүрөт. Эгер Жээнбеков өзү чечкиндүү киришпесе, майнап чыкпайт. Эл жакында Коопсуздук кеңешинин отурумунда чечкиндүү, катуу чечимдерге барат деп күтүп жатат, — дейт Шыкмаматов.

Анын баамында, учурда коррупцияга каршы күрөш жарым-жартылай жүргөндөй. Буга 200 миң доллар пара алган прокурордун беш жылга соттолушу мисал боло алат.

Copyright © 2017 Maral FM