Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда президентке байланыштуу Википедияга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 564 | 0

Түркмөнстанда дүйнөлүк ири электрондук энциклопедия – Википедияны колдонууга тыюу салынды. Ашхабаддагы turkmen.news маалымат булагынын жазганына ылайык, чектөө президент Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу баракчанын жаңылануусуна туура келген. 5-ноябрда Википедиядагы Бердымухамедовдун баракчасына «Инсан жана көз караштар» бөлүмү кошулуп, анда Ашхабаддагы Америка элчилигиндеги кызматкерлердин пикирлери камтылган. Анда Бердымухамедовду «өзүнөн акылдууну жактырбаган, микро-менеджментке сүйрөгөн, шектүү, ишеничсиз, жалганчы жана кекчил адам» катары сыпаттаган пикирлер жазылган.

2010-жылы Wikileaks сайтына жарыяланган ар кандай жылдардагы белгилүү адамдардын президентке карата берген мүнөздөмөлөрү АКШдагы дипломатиялык телеграмманын натыйжасында колго тийген.

turkmen.news булагы белгилегендей, буга чейин да Бердымухамедовдун баракчасында сындаган маалыматтар болгон, бирок Википедия өлкөдө бардыгына жеткиликтүү бойдон эле калып келген.

Түркмөнстандагы жалгыз интернет-провайдер — «Түркмөнтелеком» электрондук байланыш кызматы ММК боюнча ондогон чет элдик сайттарга, социалдык тармактарга жана башка интернет кызматтарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Copyright © 2017 Maral FM