Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: «Тынчтык митингине эч кандай тоскоолдук жаратпоо керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2019 | 1241 | 0

Бишкекте өтө турган жемкорлукка каршы тынчтык митингине эч кандай тоскоолдук жаратпоо керек. Мындай пикирин «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал жарандар бийликке пикир айтууга укуктуу экенин, алардын бийликке койгон талабы саясий кырдаалды жакшыртууга алып келерин белгилеп, бүгүнкү митингди колдой турганын айтты.

«Илгертен бери үчүнчү күч деп аталып келебиз. Алар бизди карап турган башка мамлекеттер болушу мүмкүн. Анткени Кыргызстан Орто Азиядагы стратегиялык мааниге ээ өлкө болгондуктан, өлкөбүзгө көз арткан мамлекеттер көп. Саясий топтор да үчүнчү күч болушу мүмкүн. Мындан этият болуу зарыл», — дейт Молдокматов.

Эске салсак, бүгүн, 25-ноябрда Ак үйдүн жанында коррупцияга каршы тынчтык митинг өтөт.

21-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык фактылар, ага Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана анын туугандарынын тийиштигин ачыктаган журналисттик иликтөө жарыяланды. Коомчулук андагы фактылардын негизинде бийликтен Раим Матраимовго карата чара көрүүсүн талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM