Биз менен байланышыңыз

«Азыркы кырдаал Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууга негиз түзөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2019 | 1405 | 0

Бажыдагы коррупция боюнча иликтөө чыккан соң, бийлик бутактары үн катпай отуруп алды. Өкмөт, ЖК убагында жооп берсе, бүгүнкүдөй митинг болмок эмес, эл тынчып калмак. Азыркы кырдаал Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууга негиз түзөт. Мындай пикирин «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурдагы компроматтык тиреш элди түндүк-түштүккө бөлүп жатат жана бул абдан коркунучтуу көрүнүш.

Финпол, Бажы кызматынын жетекчилери жумуштан четтетилип, мамлекеттик денгээлде тергөө жүрүшү керек. Анткени бул жерде жалгыз гана Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго тийиштүү маселе эмес, бажыдагы коррупция боюнча сөз болуп жатат.

Молдокматов Райымбек Матраимовго байланыштуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келгенин эске салып, мындан улам журналисттик иликтөө күтүлүп жатканы белгиледи.

-Иликтөөдөн кийин бийлик бажы тармагындагы коррупция менен күрөшүүгө, тийиштүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бийлик муну пайдаланып кетсе, калктын алкышын алат, болбосо элдин убалына калат», — дейт Молдокматов.

Copyright © 2017 Maral FM