Биз менен байланышыңыз

Молдокматов министр Чодуевди дебатка чакырды

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2019 | 1736 | 0

«Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди дебатка чакырды.

Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде Жогорку Кеңеш Айыл чарба министринин программасын сурабай жатканын айтып, сынга алды.

«Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чодуевди кабыл алып, кызматка бекитип жатканда,  программасын сурайт. Ал эми парламент жыйынга келгенде  сүйлөбөй коюуда. Эгерде парламентте болбосо, дебаттан талкуулайлы. Бардык кагаздарды алып чыгып, бетине коюп берели. Премьер-министри да келсин. Мага десе, бардык аппаратын алып келсин, сүйлөшөлү», — дейт Молдокматов.

 

Copyright © 2017 Maral FM