Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Парламент намыстуу болгондо таркап кетмек

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Апр 2019 | 595 | 0

Парламентке да эмне деген сындар айтылган жок. Эгер парламент намыстуу болгондо таркап кетмек. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын тең төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Ата Мекен» фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун парламент таркайбыз десе колдойм дегени жөн сөз эмес. Бирок алар башкаларды күтпөй, өздөрү башташы керек. Негизи жаңылануу учуру келгендей. Анткени эл да күтүүдөн тажады», — дейт Молдокматов.

Ал мындан сырткары, өкмөт да отставкага кетиши керек экенин белгиледи.

«Себеби, өкмөттүн бир жылдан бери программасы тургай,  аты да, заты да жок. Бүгүн экономиканы карай турган киши жок. Кыргызстан саясий интригадан башы чыкпай калды», — дейт Молдокматов.

Copyright © 2017 Maral FM