Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Абылгазиев отставкага кетиши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 1142 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетиши керек. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда калктын 74 %ы жакырчылыкта жашайт. Демек, элди ачка отургузуп коюп, Абылгазиевдин бажасынын уулу 150 миң сом айлык алып иштегени уят.

«100 миңден ашуун жаран үйүндө нан-чайы жок отурат. 5-6 баласы менен сарай, кепеде жашагандары көрүп туруп, Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев уулун Германиядан чакырып кызматка коюп жатат. Ал эми өкмөт башчы бул маалыматтарды «фейк» катары карашы уят. Абылгазиевдин отставкасын кабыл албаган парламентке «Баракелде!» деп, батабызды биришибиз керек. Мен ушунчалык аргасыз, алсыз парламентти биринчи жолу көрүшүм. Баары президенттин көзүн карап отурушат», — дейт Молдокматов.

Ал мындан сырткары өкмөттүн кадр саясаты да начар болуп жатканын белгиледи.

«Коңшу Өзбекстан айыл чарба унааларын, жеңил унааларды чыгарууга жетишти. Кыргызстан жадагалса, калемдин сыясын чыгара албайт. Андыктан, өлкөгө мындай өкмөттүн кереги жок», — дейт Молдокматов.

Copyright © 2017 Maral FM