Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: ЖК да, өкмөт да президентке көз каранды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Сен 2019 | 554 | 0

Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизин мамлекеттик башкаруу системасы түзөт. Бүгүн мамлекетти башкаруунун ачкычы президент Сооронбай Жээнбековдун колунда. ЖК да, Өкмөт да президентке көз каранды. Мындай пикирин «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн ыйгарым укуктары көбөйтүлгөнү менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президентке көз каранды. Абылгазиевдин милдетин Жээнбеков аткарууда. Өкмөт парламентке эмес, президентке баш ийүүдө жана колу-буту байлануу. Мындан улам жоопкерчилик жок болуп, экономика аксап жатат.

Бул кырдаалдан чыгуу үчүн президенттин колундагы күч органдарын Абылгазиевге өткөрүп берүү зарыл. Натыйжада баарына бир адам жооп берет.

«Экинчи жагы премьер-министрди алып салып, вице-президенттерди шайлап алуу керек. Парламентаризмдин жакшы жагы өкмөттүн ар бир чечими парламентте талкууланып турат. Өлкөдө парламентаризмди орнотуунун биринчи кадамы ташталды. Бирок парламенттин VI чакырылышы мурдагы чакырылышка салыштырмалуу бир топ төмөн иштеди», — дейт Молдокматов.

Ал белгилегендей, Кыргызстанга парламенттик башкаруу ыңгайлуу. Аткаруу бийлигинин чечимдери парламент аркылуу өтсө чыныгы өнүгүү башталат.

Copyright © 2017 Maral FM