Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Жазында ун тартыш боло баштайт

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 968 | 1

Жазында ун тартыш боло баштайт. Анткени мамлекет дыйкандарга шарт түзбөй, башка өнүмдөргө өтүп кетти. Бул тууралуу «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Модокматов өлкөдөгү 903 миң гектар жайыттын 63% деградация болуп бүткөнүн айтып, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин ишин начар деп баалады.

Молдокматовдун пикиринде, айыл чарба тармагы чоң кризистин алдында турат.

“Чодуев КТРКдан түшпөй “кыйраттык” деп отурат. Бирок чындыгында эч нерсе жасалган жок. Эртең ун кымбаттап, ачкачылык болсо, Чодуев жооп бербейт. 1991-жылдары айыл чарба тармагы ички дүң продукциянын 46%ын ээлесе, учурда 5%га түштү. Өкмөт өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясы боюнча президенттин жарлыгына каршы иштеп жатат. Бул саботаж”, — дейт Молдокматов.

Ал мындан сырткары Чодуевге бир нече иш козголгонун да белгиледи.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    27.10.2019 05:24

    Бардык тармактан базар экономикасына жараша онугуу болушу керек. Бул деген «свободный рынок» Мамлекет жасалма боготторду койгонду менен, бизде ондурлбогон товарлар же коншу мамлекеттерге салыштырмалуу кымбат ондурулгон товарлар импорт болуп ташылып келе берет. Окмот богот койсо аткезчилик пайда болот. Себеби эл учун арзан, пайдалуу болот.
    Айтайын дегеним бизге эн керектуу азык ун, озубуздо буудай экендер аз себеби унду сатып алган арзан. Россиядан келген акчага казактардын унун, орустардын Куйуучу майын сатып алып жашап жатат эл. Эгерде мигранттардан акча келбей калса кризис ошондо болот. Айыл чарба министири, транспорт министри жоюп салса да болот, себеби 70 80% менчик эл озун озу тейлеп жатат. Министрликтерди кайра иштетпей бут тосот, Мисалы автобус алып жургунчу ташып иш баштасан канча кагаз чогултуп, акча толоп турушун керек, ошол кагаздары жок эле иштесе болот. Эн керектуу орун калтырып койсо болот. Автобускаа бир тыйын кошпой туруп, шаарда маршрут берген адис тапкан акчага шерик болуп алат.мындан сырткары дагы бар аларды кошо багасын. Бюрократия ны азайтыш керек, услуга нын, товардын баасы арзандайт. Кечээ азаттыкта айтты Таджикистан инвесторлордун тартуу боюнча алдынкы 10 мамлекетке кошулду деп. Кыргызстан 180 олкодон 80 орунда. Бул деген иштеген кадрлар сапатсыз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM