Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Парламентти таркатууга учур келди

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 694 | 1

Парламентти таркатууга учур келди, мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз түзүлдү. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Парламентти таркатууга учур келгенин айрым фракция лидерлери да айтып жатат. Райымбек Матраимов боюнча жарыяланган иликтөөдөн соң, депутаттар, өзгөчө Матраимовдордун тоюна баргандар мандатын тапшырып, кетип калышы керек. Бирок мындай кадамга баруу үчүн алардын эрки жетпейт», — дейт Молдокматов.

Ал мындан сырткары, Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун көзүн карап, алсыз болуп жатканын сындады.

«Эгерде парламентте эл өкүлдөрдүн 50сү тың болсо, президент иштешет. Антени, Жээнбеков да күчтүү парламент болушу каалайт. Буга кошумча, парламент өкмөткө берген тапшырмаларды тактап сурай албай жатат. Вице-премьер-министрлер комитеттин айрым жыйындарына келбей да коюуда», — дейт Молдокматов.

1 пикир

1 пикир

  1. Жапар

    31.05.2019 17:27

    Бул парламент эбак бир жыл мурда тарашы керек эле. Азырка чейин ниме отурушат тушунбойсун киши.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM