Биз менен байланышыңыз

Иликтөө: Матраимовдордун мүлкү жиликтенди

Күн чекит | 30 мая 2019 | 1240 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу ири иликтөө материалы жасалды. Ал «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталып, өлкөдөн чыгарылып кеткен жүз миллиондогон доллардын Матраимовдорго тиешеси бар-жогу иликтенген. Иликтөөнүн автору «Азаттык» радиосунун журналисти Али Токтакунов менен «Күн чекит» программасында маектештик.

Марал: — Эң алгач кесиптеш катары сиздин коопсуздугуңузга тынчсызданып турабыз, бул иликтөөнү жасап жатканда, өмүрүңүзгө кандайдыр бир кооптуу жагдай жаралган жокпу?

Али Токтакунов: — Программа чыкканга чейин «сүйлөшөлү, жолугалы, чай ичели, камерасы жок эле жолугалы»… деп досторумду, жогорку кызматтагы тааныштарымды, мени тааныган депутаттарды ортого салганга аракет кылышты. Биз албетте, андайга макул болгон жокпуз. Азырынча эч кандай коркутуп-үркүтүү болгон жок. Менин оюмча, алар (ред.Матраимовдор) бул иликтөө тууралуу элдин маанайын, пикирин көрүп билгенден кийин коркутууга барбайт деп ойлойм. Барса да, биз эч нерседен коркпойбуз, тайманбайбыз.

Марал: — Иликтөөңүздө үрөй учурган фактылар камтылыптыр, бул маалыматтарды кайсы булактардан алдыңыз, анан канча убакытта жасадыңыз?

Али Токтакунов: — Иликтөөмө бир айга жакын убакыт кетти. Бизге бул фактыларды өз өмүрүнө коркунуч келүүсүнөн корккон маалымат булактары беришти. Сиз өзүңүз жакшы билгендей, мен аны сот сураса да ачыктай албайм.

Марал: — Айтмакчы, бул иликтөөдө өлкөдөн чыгарылган чоң суммалар жөнүндө кеп болуп жатат, эгер сотко чейин жетип калса, далилдеп бере аласызбы?

Али Токтакунов: — Бизде далилдер жетиштүү. Анткени, биздин колго тийген документтердин дээрлик баары түп нуска.

Марал: — Матраимовдордун мүлкү тууралуу маселе козголгондон бери атайын органдардан кайрылып, же бул айтылган коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөгө ынтызар болгондор болуп жатабы?

Али Токтакунов: — Бир суткага жакындап калды, айрым депутаттар ой-пикирлерин билдирип жатышат окшойт. Коомчулук болсо абдан дүрбөдү. Мен коомдогу кыжырлуу пикирлерди абдан көп окудум. Бирок биздин атайын кызматтар, күч органдары, каржылык кылмыштарды иликтеген органдар, же болбосо аткаруу бийлигинен, президенттик аппараттан кайрылуу боло элек. «Бул маалыматтарды кайдан алдыңар, же ушунун негизинде иликтөө жүргүзүүгө мүмкүнбү?» — деген өтүнүчтөр боло элек.

Марал: — Финансы полициясы Матраимовдордун мүлкүн январь айында текшере баштаган. Бирок эч кандай жыйынтык чыга элек, бул маалыматтарга жетүү чыны менен эле кыйын бекен? Райымбек Матраимов менен жолугууга аракет кылдыңызбы?

Али Токтакунов: — 6 айдан бери текшерип жатат деген маалыматтарды Финансы полициясынын бир гана маалымат катчысы билдирип турду. Жетекчилиги, орун басарлары журналисттерди өздөрүнө жолоткон жок. Мен Жогорку Кеңеште Финансы полициясынын жетекчи орун басарын кармап, кепке тарттым. Азыркы учурда Матраимовдордун мүлкү кандай иликтенип жатканын билбейм. Райымбек Матраимов, анын бир тууган иниси Искендер Матраимов менен, же иликтөөдө аты аталып, бирок өздөрү менен жолуга албай калган Матраимовдордун бир туугандары менен жолукканга дайым даярмын, аларга да сөзсүз микрофон беребиз. Менде Райымбек Матраимовго бере турган көптөгөн суроолорум бар. Алардын эң негизгиси: «Кыргызстандан чыгарылып кеткен 100 миллиондогон долларга ал кишинин тиешеси барбы?» — деген суроо. Себеби, ошончо долларды бир канча өлкөгө чыгарып кеткен. Анын ичинде Түркияга да которулган. Ал киши Түркияга барып алып, кайра Кыргызстанга, Матраимовдорго тийиштүү фондго которуп жатканын документтер далилдеп жатат.

Марал: — Бул иликтөөңүздөн кийин бийлик реакция кылып же иликтөөдө жоопсуз калган суроолорго жооп табылып, же дегеле кандай уланышы керек деп эсептейсиз?

Али Токтакунов: — Бул жерде күмөндүү бир топ жагдайлар бар. Ошол суроолорго жооп алынышы керек. Мындай күмөндүү иштерди бардык жалпыга маалымдоо каражаттары тилектештик көрсөтүп, көтөрүп чыгышы керек, аларды коомчулук колдошу зарыл, ошондо гана карапайым эл жеңет.

Copyright © 2017 Maral FM