Биз менен байланышыңыз

Президенттин эки жылы, элеттин пикири

Коом | 24 Ноя 2019 | 526 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп белгилесе, 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптеширүү жылы» деп белгилеген. Эки жыл аралыгында аймактарда мамлекет тарабынан кандай иштер жасалды? Чындап эле, аймактар өнүктүбү? 

Баткенде көйгөй жок…

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматына киришкенине 2 жыл болду. Президент кызматка киришери менен 2018-жылды жана 2019-жылдарды аймактарга арнап, атайын жарлык чыгарган. Биз Кыргызстандын 7 дубанында мамлекет тарабынан кандай иш-аракеттер жасалганына кызыктык.

Баткен облусунун Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, 2 жыл аралыгында көп жумуштар аткарылгандыгын айтты. Ал эми бул облустагы башкы көйгөй чек ара маселеси болуп турганын кошумчалады:

-2 жылдын ичинде мамлекет тарабынан бала бакчалар курулду, мектептер салынып, кээ бирлери оңдолуп-түзөлдү. Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылында 225 орундуу мектеп салынып, жашоочуларга тапшырылды, учурда спорттук комплекс салынып бүттү. Ал эми Ак-Суу орто мектебин 525 орундуу кылып салып, аны да тапшырып бердик. Эки жылда 5 бала бакча салынды. Анын төртөө мамлекеттин эсебинен болсо, бирөө жеке менчик. Мындан сырткары, чоң долбоор, жол салуу долбоору аяктады. Исфана-Сүлүктү жолу бүткөрүлдү. 35,6 км жерге асфальт төшөлдү. Ага мамлекеттен  1млрд 200миң сом каражат бөлүнгөн. Жергиликтүү жашоочуларга жумуш орундары түзүлдү. Санариптештирүү жылында ар бир айылга жогорку ылдамдыктагы интернет берилди.

Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө дагы 538,3 млн. сом акча бөлдү

Ош облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев, аймакта 74 ишкана ачылганын маалымадады. Ал эми облустун көйгөйү жолдор оңдолгону менен, алыскы айылдарда бул маселе дагы деле жүрөктү өйүп келерин жашырган жок:

-Бизде былтыр 74 ишкана ачылган. Анда туруктуу жумушчу орундар 950гө жеткен. Туруктуу деп бөлгөнүмдүн себеби бизде сезондук жумушчу орундарыбыз да бар. 9 айдын эсеби менен айтсам, 55 ишкана ачылып, 700гө жакын адам жумушчу орун менен камсыздалды. 2018-жылы Араванда “Цемент” заводу ачылып, анда да жумушчу орундар пайда болуп, элге ыңгайлуу болду. Мамлекет тарабынан 32 социалдык обьект ачылды. Анын катарында бала-бакча, мектептер, ФАПтар да бар. Мектептердин саны боюнча айтсам, облуска 12 мектепти мамлекет салып берди. Жол маселеси тууралуу айтсам, республикалык бюджеттен 40 км жерге асфальт төшөлдү. Бирок Оштун өзүнөн ары 5-6 саат жол жүргөн алыскы аймактарыбыз да бар. Ал жактын жолу начар, жашоочуларыбыз кыйналат. Санариптеширүү жылында шаарларыбызда интернеттин ылдамдыгы күчтүү эле болду. Бирок ошол эле алыскы айылдарда бул көйгөй дагы деле бар.

Экономист аймактарды өнүктүрүүдөгү кемчиликтерди атады

Ал эми Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары Мамасалы Акматов, бул дубанда таза суу маселеси башынан бери эле чечилбей келгенин айтты. Ошол эле учурда, өлкөнү санариптештирүү жылында аталган облустун мектептерине дээрлик 99% жогорку ылдамдыктагы интернет барганын, жаңы жумушчу орундар түзүлгөнүн айтты.

-Бизде 135 чоң жана чакан ишканалар ачылды. 71 жергилктүү айыл өкмөт интернет менен камсыз болду. Ошондой эле, көптөгөн айыл өкмөттөрүнө бирдиктүү терезелер кирди. Мунун алкагында малекеттин иш-кагаздар, соиалдык проблемалары бир эле жерден бүтө турган болуп калды. Маселен, элибиз паспорт же айдоочулук күбөлүк аларда көп жерге барып, убара болбой эле, бир күндө бүтүрүп кетип калышат. Бул деген алыскы айылдардан келген жашоочуларыбызга болуп көрбөгөндөй ыңгайлуулукту түздү деген сөз. Жалпы Жалал-Абад облусундагы 430 мектепти интернет менен камсыз кылдык. Ал эми санариптеширүү жылында саламаттыкты сактоо тарамагында да бир топ өнүгүүлөр болду. Анда оорулуулардын тарых баракчасы (История болезни) бардыгы электрондоштурулду. Эч ким мурункудай калем менен жазбай калды. Биздин көйгөй мурунтан бери айтылып келген таза суу маселеси. Жалал-Абад облусунда 179 айылга таза суу жетпейт. Эки жыл аралыгында 4 айылга мамлекеттин эсебинен таза суу киргизип бердик. 

Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүүдө сезилерлик жылыштарга жетишүүгө тийишпиз

«Төө буурчакты кайра иштетүү ишканасы ачылып, жашоочуларга жумушчу орундар түзүлдү». Бул тууралуу Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев билдирди. Ошондой эле 2019-жылы республикалык деңгээлде Улуттук көчмөндөр оюну өткөнүн эске салып, жасалган иштер тууралуу мындай деди:

-2018-жылы мамлекет тарабынан 70% бүткөрүлүп жаткан мектептердин саны төртөө. Анын бирөөсү бүтүп, пайдаланууга берилгени турат. Ал эми берки мектептердин бүтөрүнө аз калды. 2020-жылы бүтүп калат деп ниет кылып жатабыз. Талас облусунда 71 ишкана ачылып, жумушчу орундар түзүлдү. Бул ишканалар мамлекеттин, жергиликтүү жашоочулардын жана фонддордун эсебинен салынды. Таластын 110миң га жеринин 57 миң гектар жерине төө буурчак эгилет. Ушундан улам биз төө буурчакты тазалап, кайра сорттоп сала турган ишкана ачтык. Ошол мекемелерде 20-30га чейинки жумушчу ишке алынууга. Ал эми даярдап берүүчүлөрдүн санын кошкондо 50гө жетип калат. 2018-жылдын эсебинен 936 жумуш орундарды түзүп бердик. 2020-жылы да мындай аракеттен калбай, иш орундарын көбөйтүүнү маскат кылып турабыз. Талас облусу 2018-жылы берилген тапшырмадан көп, 98 млн сом салыкты мамлекетке төгүп бердик. Бизде көйгөй көп деле жок. Мурун жол маселеси кыйначу эле, ал маселени да чечип алдык.

Аймактарды өнүктүрүү жылында 91 мектеп өзгөчө статус алган

«Мамлекет тарабынан санариптештирүү жылына карата 101,102,103 кызматтарын бириктирип, 112 кызматы кылып койду. Бул бир четинен ыңгайлуу болсо, экинчи жагынан карапайым калк көп көнбөй жатат», –дейт Нарын облусунун Ат- башы районун жашоочусу Айсалкын Калыкова. Ал өзү дарыгер болуп иштегендиктен, мамлекет ооруканаларга көп көңүл бурбай жатканына токтолду. Учурда жасалып жаткан иштердин көбүн атайын уюмдар жасап жатат деп, буларга токтолду:

-Бизде санариптшетирүү жылына карата 112 кызматы ишке кирди. Биз мамлекет тарабынан берилген жардамды көрө элекпиз. Маселен, Ат-Башыда мындан 2 жыл мурун мамлекет чоң бала бакча куруп баштаган. Азыркыга чейин куруу иштери бүтө элек. Токтоп турат. Биздин жолдор оңдолуп жатат. Бирок ал да айыл өкмөттүн эсебинен. Элден акча чогулутуп эле кылып жатабыз. Өзүбүз эле акча чогултуп, көчөлөргө свет тартып алдык. ФАПтар, ооруканалар оңдолду. Арабдар, түрктөр да көмөк көрсөтүштү. Биздин көйгөй — бала бакчанын жоктугу. Бир эле бала бакча бар. Ал дагы кичинекей.  Ооруканаларыбыздын кебетеси кеткен. Ушуларга бир көңүл буруп коюшса, жакшы болмок да.

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Замира Оторбаева аталган облустун борбору болгон Каракол шаары жетишерлик деңгээлде өнүкпөй жатканына нааразы болду. Жол маселеси, жетишпеген бала бакчалар жана мектептер бүгүнкү күнгө чейин элдин көкөйүнө тийип, чечилбей келерин айтат:

-Эң биринчи эле жол маселесинен баштайын. Балыкчы-Чолпон-Ата жолун өзүңөр деле көрүп жатасыңар. Бүтпөй калган. Андан ары Түпкө чейинки жол баягы СССРдин мезгилинен бери оңдоп-түзөөдөн өтө элек. Мамлекет эки жылды аймактарды өнүктүрүүгө деп арнаганы менен, эч кандай деле иштер байкалган жок. Чынын айтышыбыз керек. Жашырганда эмне? Караколдун айланма жолу бар. Барып көрсөңөр, болбой калган. Ал жакта канчалаган жол кырсыктары катталып жатат. Санариптештирүү жылында болгону эл эмнеге ыраазы? Телевизордо көп каналдар ачылып, көрүп маалымат алып калдык. Интернет маселеси дагы деле көп чечиле элек. ФАПтар, бала-бакчалар жана мектептер жетишпейт. Элге кыйын эле болуп калды.

Чүй облусунда кандай иштер аткарылган? Биз бул боюнча Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевге кайрылдык. Ал, бала-бакчалар жетишерлик деңгээлде болгондуктан, ал мекемелер оңдоо-түзөөдөн өткөнүн айтты. Мындан сырткары, Чүйдө жашаган тургундардын арасында күнөсканага кызыккандар көп болгондуктан, иштин нугу бул багытка бурулганын айтат:

-Жалпы Чүй облусунда мектептердин көбү оңдоп-түзөөдөн өттү. Биз бул жылдар аралыгында эгүү, айдоо иштерине көңүл бурдук. Маселен, күнөсканалар курулуп, элдер ушул багыт менен иш алып барышты. Ал эми 2 жылдын аралыгында 5 мектептин куруу иштери башталган эле. Анын экөөсүнүн куруу иштери аяктап калды. Инвестиция боюнча айтсам, облуска 200 млн доллар келди. Мындан сыркары, бош жерлер бар. Ошолорду элге бөлүп берүү иштери жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2019-жылдарды аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп атаган.

2020-жылы аймактарды өнүктүрүүгө канча каражат каралганы айтылды

Copyright © 2017 Maral FM