Биз менен байланышыңыз

Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө дагы 538,3 млн. сом акча бөлдү

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 525 | 0

Кыргыз бийлиги өлкөдө ишкердикти колдоо, аймактарды өнүктүрүүгө каражат бөлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Өкмөт бул багытта өлкө казынасынан биринчи жолу каражат бөлүнгөнүн айтат.

Өкмөт ишкерликти колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу аймактарды өнүктүрүүнү максат кылат.

Аймактардан 94 бизнес-долбоор түшкөн. Алардын ичинен комиссия 538,3 млн. сом суммасына 30 долбоорду жактырган. Алар ишке ашырылса, 1451 жумуш оруну түзүлөт. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба багытын камтыйт. Мындан сырткары, кайра иштетүү, туризм, коммуникация, саламаттык сактоо жана кен иштетүү тармагындагы долдоорлор да бар.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул каражат чакан жана орто бизнести колдоого багытталгандыктан бир долбоордун суммасы 30 млн. сомдон ашпашы керек экенин айтты. Ал эми насыянын мөөнөтү беш жылдан жогору болбоого тийиш экендиги тууралуу:

Беш жылдык убакыт насыяны төлөп бүтүүгө жетиштүү. Анткени долбоор боюнча пайыздык коюмдар коммерциялык банктар тарабынан бизнести өнүктүрүүгө берилген насыяларга караганда төмөн, — деди Абылгазиев.

Премьер-министр кеңешмеде долбоорлорду талдаган комиссияга берилген каражат кайтарымдуу болушу керек экенин айтып, аймактарда ишке ашырылчу долбоордун келечегине көңүл бурууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM