Биз менен байланышыңыз

Экономист аймактарды өнүктүрүүдөгү кемчиликтерди атады

Күн чекит | 17 Окт 2019 | 1341 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эл менен болгон жолугушуу учурунда мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүлгөнүн айтты. Ошондуктан өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер, айыл өкмөт башчылары иштеши гана керектигин билдирди.

Жээнбеков президенттикке талапкер кезинде да аймактарды өнүктүрүүгө убада бергенин, бул ишти аягына чыгарарын дайыма айтып келет. Бүгүн да аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бир топ иштер аткарылганын эл алдында тизмектеп берди. Бул иштердин натыйжасы тууралуу экономист Эркин Абдразаков менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: — Сиздин байкооңузда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган эки жылда алгылыктуу иш жасалдыбы?

Эркин Абдразаков: — Президент барган жеринде өкмөт үчүн жооп берип коюп эле жүрөт. Чынында, өлкө башчы шайлоонун алдында аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча убада берген, мына эки жылдан бери ушул багытта аракет кылып жатышат. Мисалы, айрым жерлерде пилоттук долбоорлор ишке ашканы турат, ошол эле «Элет жерин таза суу менен камсыз кылуу» долбоору. Бирок ал дагы эл аралык донорлордун колдоосунда жүзөгө ашат.

Экинчиден, кайсы жерде кадр жакшы болсо, башкача айтканда, депутаттар өздөрү жашаган аймактарда демилгелүү болуп, анча-мынча иштерди жасап жатышат. Мисалы, Жалал-Абад, Ош, Караколдо. Ал эми мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын негизинде долбоорлорду жаза албай жатышат. Эгер Экономика министрлиги, жергиликтүү бийликтер демилге көтөрүп, жакшы долбоорлор жазылса, бюджеттен акча бөлүнмөк.

Азыр көбүнчө социалдык маселелер гана чечилип жатат. Бирок элге жумуш ордун түзүү, айлык маянасын чечип берүү да аксап турат.

Марал: — Санариптештирүү багытындагы иштер боюнча эмне айта аласыз?

Эркин Абдразаков: — Санариптештирүү дегенде Бишкектеги «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камералар коюлганын гана жарыя кылып келе жатабыз. Жалпы санариптештирүү аракети болбой жатат. Эгер санариптештирсек, Бишкектеби, Ат-Башыдабы, Ош, Баткендеби, бардык жерде коопсуз болушу керек.

Мындан тышкары, жер-жерлерде электрондук почта иштесе, электр энергияны, жер салыгын төлөй турчу жерлердин, жөлөк пул алуунун, пенсия алуунун жол-жобосу электрондоштурулса жакшы болмок. Айыл өкмөттөрүнүн өзү жакшы иштесин да. Чет жактан келген өз жарандарыбызды каттоонун жолун да чечүү керек.

Негизи аймактарды өнүктүрүү боюнча президенттин саясаты туура эле, бирок өзү жооп бере бербестен, өкмөткө тапшырманы туура коюп, катуу талап кылышы керек.

Марал: — Президенттин айтымында, дотациялуу аймактарда экспортко багытталган ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейин салыктан бошотулду. МТС, соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген салык режими киргизилди. Муну ишкерлер чыны менен сезип жатышабы?

Эркин Абдразаков: — Салыктан бошотуп койгону менен факт жүзүндө ЕАЭБдин аймагынан өтүп, пайда алып келсе — башка маселе. Негизи салыктан бошотуу саясаты абдан туура. Бирок аны анча-мынча ишканалар гана пайдаланат. Көпчүлүгү ЕАЭБге кирбей да калып жатат.

Бизде берилген насыя да «кумга сиңип кеткендей» болууда. Мамлекеттин эсебинен берилген акча жетпей калган учурлар көп. Санариптештирип коюп эле дыйкандардын маселесин чечпесе, компьютер бизге картошка бермек беле? Жергиликтүү товарларды сертификаттоо маселесин да чечүү керек.

Марал: — Сиздин оюңузча, өкмөт конкреттүү эмнелерди жасаса, иш оңунан кетет?

Эркин Абдразаков: — Мен мындай сунуш берер элем. Өкмөт өзү программа, концепция кабыл алышы керек. Биринчиден, финансылык булактарды кызыктыруу иретинде конкреттүү сунуштар иштелип чыгышы керек. Экинчиден, аймактардагы жетекчинин бир жылдык ишин баалаган критерийлер болсун. Анын ичинде:

-Аймакта канча жумуш оруну түзүлдү?

-Канча көлөмдө инвестиция тартылды?

-Канча социалдык объект салынды?

-Канча көйгөйлүү, чуулгандуу маселе жеринде чечилди?

-Айыл өкмөтү дотациядан чыктыбы?

-Өткөн жылга салыштырмалуу бюджетин көбөйтө алдыбы?

Ушул сыяктуу критерийлер менен жетекчинин ишине баа бериш керек.

«Аймактарды өнүктүрүү», — деп анча-мынча президент же премьер-министр чыгып сүйлөп коюшат, ал эми жергиликтүү аткаминерлер отчет берген жок. Факт түрүндө эл өзүнүн арабасын өзү түртүп жатат. Анан чет жактан келген мигранттар бир ишкана ачса, келип тасма кесип, «биздики» деп статистикага кошуп, «аймактарды өнүктүрүп жатабыз» дегени уят иш.

Жээнбеков: Айыл өкмөттөр, иштегиле, изденгиле, чамдагыла

Copyright © 2017 Maral FM