Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Айыл өкмөттөр, иштегиле, изденгиле, чамдагыла

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 976 | 0

«Мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүлүүдө. Эми Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер, айыл өкмөт башчылары иштегиле, изденгиле, чамдагыла», — деп кайрылды президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында райондун жашоочулары менен болгон жолугушууда.

Ал облус, район жетекчилери, жергиликтүү бийлик аймактарды өнүктүрүү боюнча өз алдынча иш-аракеттерди көрүшүп, санариптештирүү, реформаларды алдыга жылдыруу, ишкерлердин башын кошуу, сырттагы мекендештерди мобилизациялап, алардын жардамын туура нукка буруу иштерин аткарышы керектигин айтты.

Ал жергиликтүү бийликтин аткарган иштеринин жыйынтыгына сөзсүз баа берилерин, анын негизги критерийлери катары таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу, ирригацияны өнүктүрүү, социалдык объектилерди санариптештирүү, инвестицияларды тартуу, жумуш орундардын түзүү жана башкаларды атады.

Copyright © 2017 Maral FM