2020-жылы аймактарды өнүктүрүүгө канча каражат каралганы айтылды

2020-жылы аймактарды өнүктүрүүгө 2,1 млрд сом каралууда. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов «Маралга» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, атайын комиссия тандаган долбоорлор каржыланат. «Бул каражаттар жөн гана берилип, жеп-ичилип кетпейт. Акчага ишкана курулуп, жумуш орундары түзүлүп, салык төлөнүшү керек», — дейт Азимов. Белгилей кетсек, быйыл аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 2 млрд сом каралган.