Биз менен байланышыңыз

Аймактарды өнүктүрүү жылында 91 мектеп өзгөчө статус алган

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 578 | 0

Быйыл 2265 мектепте 50 миңден ашык бала 11-классты, 96 миңдей бала 9-классты бүтүрөт.

Санариптештирүүнүн алкагында 1866, башкача айтканда, 89 % мектепке интернет туташтырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 91 мектеп өзгөчө статус алды. 30 мектеп ар кандай лаборатория, окуу жабдыктары менен жабдылды. 2018-2019-окуу жылында 5-6-класстар жаңы предметтик стандаттар менен окутулууда.

Ысык тамак 1371 мектепке киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM