Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүүдө сезилерлик жылыштарга жетишүүгө тийишпиз

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 538 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн өлкөнүн облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, өкмөттүк программаларды сапаттуу ишке ашыруу үчүн аймактарды өнүктүрүү иштерин күчөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчысы облус жетекчилеринин көңүлүн инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү, ирригация жана таза ичүүчү суу менен камсыздоо  маселелерин кыйла терең иштеп чыгуу жана чечүү жаатындагы аймактарды өнүктүрүү иштерин күчөтүүгө бурдурду.

«Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көп учурда өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана тапшырмаларды тийиштүү деңгээлде аткарбай, демилге көтөрүшпөй, калк арасында маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатышканын көрүп келебиз. Аймактардагы эң олуттуу маселелерди силерден башка ким көтөрүп чыгат? Бул маселелерди силерге айткыча күтүп отура бербегиле. Силердин бардык ыйгарым укуктарыңар бар», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – райондордун акимдеринин ыйгарым укуктарын күчтөндүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун илгерилетүү иштерин активдештирүүнү жана жарандарга түшүндүрүү чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM