Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: 2019-жылдын башынан бери 5500дөй адам жарандыкка ээ болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 534 | 0

Өзбекстанда 2019-жылдын башынан бери 5441 адам жарандыкка ээ болгон. Алар өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев кол койгон 25 жарлыкка ылайык кабыл алынган.

УзА маалымдагандай, 1991-жылдан 2007-жылга чейин Өзбекстан жарандыкты жарандыгы жок 482 адамга ыйгарылган. Ал эми 2007-2016-жылдар аралыгында эч кимге жарандык берилген эмес.

2016-жылдын аягында Шавкат Мирзиёев 179 адамды жарандыкка кабыл калган.

2017-жылы 10 мыйзам кабыл алынып, 1064 адамга жарандык берилсе, 2018-жылы 15 жарлыктын негизинде 2759 жарандыгы жок адамдарга Өзбекстандын жарандыгы ыйгарылган.

Акыркы 3 жылдын ичинде 51 жарлык абыл алынып, 9443 адам Өзбекстандын жарандыгына ээ болгон.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын жарандыгын 2019-жылдын башынан бери 976 адам алды.

Copyright © 2017 Maral FM