Connect with us

Үмүтай Абдышова: Кыз жаман жерге турмушка чыкса, анын кайгысы өмүр бою кетпейт

Көңүл ачуу , Марал шоу | 20 Ноя 2019 | 3565 | 0

Бүгүнкү биздин коногубуз жүрөгүндө жалыны бар кыргыздын мурас кылып калтырган комузу менен элдик ырларын ийнине жеткире ырдаган “Марал шоу” программмасынын  кадырлуу коногу  — Үмүтай Абдышова.

 -Акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшсөңүз?

-Жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып, чыгармачылык менен эле алектенип жатам. “Жүрөктө сүйүү боздойт” аттуу ырга клип тарттырдым.

-Жеке жашоодо жаңылыктарыңыз барбы? Качан турмуш жолуна аттанасыз?

-Кочкорго келин болгом. Азыркы учурда алты жаштагы балам бар. Учурда жүрөгүм бош.

-Жеке концерт берүү планыңызда барбы?

-Былтыр өзүмдүн кичи мекеним Балыкчы шаарына концерт бердим. Ошол эле чоң программадагы концертти Бишкек шаарына да койгум келет. Бирок эмнегедир татыксыздаймын. Дагы да көбүрөөк эмгектенсем, буйруса, жазында чыгармачылыгыма күбө боло аласыздар деген тилегим бар.

-Буга чейин кимдер менен дует аткардыңыз, келечекте ким менен ырдайсыз?

-Негизи, дуэттин өмүрү кыска болот  экен. Талант Сыдыков, Чыңгыз Мамаев, Нурхат аттуу ырчылар менен ырдаган жайым бар. Ал эми келечекте дуэт аткаруу планымда деле жок.

-«Канча тил билсең, ошончо адамсың» деген сөз бар. Азыркы учурда канча тилде эркин сүйлөй аласыз?

-Кыргыз-Түрк “Манас” университетин аяктагам. Түркчө, кыргызча сүйлөйм. Англисче жакшы окучумун, бирок эркин сүйлөй албайм.

-Аялзаты үчүн бардыгынан эмне маанилүү деп ойлойсуз?

“Кара кыздын агынан эмес, багынан” деген сөз бар го, кыз канчалык сулуу, билимдүү болбосун, ал жаман жерге турмушка чыкса, анын кайгысы өмүр бою кетпейт. Ошондуктан, аялзаты үчүн бакыт — камкор, жоопкерчиликтүү жолдошунун болушу деп ойлойм.

Copyright © 2017 Maral FM