Биз менен байланышыңыз

Разаков: «Жети жылда чек ара аймактарына 4 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Ноя 2019 | 608 | 0

2012-жылдан бери чек ара аймактарына 4 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал жол, суу инфраструктурансын жакшыртуу, социалдык объектилерди курууга сарпталган. Бул тууралуу вице- премьер-министр Жеңиш Разаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы кыргыз-тажик чек ара аймагына өкмөттөн 220 млн сом бөлүнгөн. Анын 150 млн сому жол куруу үчүн, 50 млн сому элди суу менен камсыз кылууга, калганы бала бакча курууга сарпталды. Андан сырткары, Баткен районунун Үч-Төбө жана Орто-Боз айылдарына жаңы меткеп салуу үчүн 100 млн сом каралды.


Жеңиш Разаков: «Мадумаров кол койгон протокол боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат»


Өзгөчө статусу бар аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип жатат. Ага ылайык, чек ара аймакарына жыл сайын 100 млн сом бөлүнөт. Ал каражат орчундуу маселелерди жөнгө салуу үчүн керектелет.

-Андан сырткары, «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча бир нече мектептердин курулушу жүрүүдө. Кыргыз-тажик чек арасы аймагында бүгүнкү кырдаалды 2010-жылкы абал менен салыштырганга болбойт. Айылдарды изоляциядан чыгарып, көз карандысыз жолдор менен камсыз кылып, учурда бала бакчалар салынууда. Аксай-Тамдык жолу да курулууда. Бул жол менен эл жайытка көз карандысыз өтө алышат, — дейт Разаков.

 

Copyright © 2017 Maral FM