Биз менен байланышыңыз

Разаковдун ордуна кандай жетекчи келиши керек?

Без рубрики | 11 Фев 2020 | 732 | 0

Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелерин тескеген Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматтан бошотулду. Президенттин расмий сайты аны өз арызы менен иштен кеткенин кабарлады. Ал эми Разаков үй-бүлөлүк себептерден улам кызматын тапшырганын айтты. Буга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоодо аракеттер чабал болуп жатканын айтып, эл Разаковдун ишине нааразы болуп келген. Ошондой эле Разаков тажик тарапка тыңчылык кылат деген маалыматтар тарап, бирок өкмөт аны төгүнгө чыгарган. Бул теманын тегерегинде «Күн чекит» программасында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров менен  маек курдук.

Марал: Разаковдун вице-премьер-министрлик кызматтан кетишин сиз эмнеге байланыштырасыз?

Мирлан Бакиров: Жеңиш Парпиевичтин кызматтан кетүүсүнө чек арага байланыштуу кырдаал себеп болду. Бул акыркы күндөрү чек арада болгон араздашуулардын айынан келип чыккан чечим болду деп ойлойм. Жеңиш Разаковдун Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелерин тескеген вице-премьер-министр катары кызматтан кетишине чек ара себеп болду.

Марал: Өкмөт Разаков боюнча коомчулук тарабынан айтылган сындарга реакция кылды десек да болобу?

Мирлан Бакиров: Албетте, мүмкүн коомчулуктун пикирине да реакция болду. Сын айтуу оңой. Бирок ал жердеги реалдуу кырдаал оор. Жерлер шахматтык негизде чырмалышып калган. Баткен облусунда канча жер болсо, ар биринин араздашууга алып келүүчү учурлары бар. Тилекке каршы, акыркы 20-30 жылдын ичинде 1 сантиметр да жер да чечилбей келе жатат. Бүгүн чек ара боюнча жоопкерчилик толугу менен өкмөттүн мойнунда турат. Делимитация, демаркация маселесин өкмөт чечиши керек.

Марал: Разаковдун кетиши чек ара маселесинин чечилишине кандай таасирин тийгизет? Анткени ал бул маселе боюнча башынан сүйлөшүү жүргүзгөн жетекчи болчу…

Мирлан Бакиров: Разаковдун ордуна ким келбесин, чек ара маселесинин ыкчам чечилүүсүнө таасир этиши азырынча оор. Экинчиден, адамдык фактор да бар. Ал мурдатан сүйлөшүп, кандайдыр бир деңгээлде мамиле түзүп, аракетин кылып көрдү. Эми ошол иштердин жакшы жагын улантып, элдик дипломатияны да колдонуп, маселени жөнгө салууга аракет кылынышы керек. Разаков кетти, эми эле чек ара чечилип калат деген ойдон алысмын.

Марал: Кийин келе турган вице-премьер-министр ким болушу мүмкүн? Азыр бул кызматка Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин, Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун аты аталып жатат? Бул талапкелерге кандай көз караштасыз?

Мирлан Бакиров: Экөө тең татыктуу талапкерлер. Мадумаров бул жердин менталитетин жакшы билген адам катары, анын талапкерлиги жеңилирээк колдоо табышы мүмкүн. Ал эми Суваналиевдин укук коргоо органдарын тескөөдөгү тажрыйбасы чоң. Ошондуктан жети өлчөп, бир кесип, ким келсе да, чек ара маселесин тынымсыз көзөмөлгө алышы зарыл. Бул кызматка ар бир кадам, стратегияны аныктап, эки өлкөнүн мыйзамдарын, укуктук актыларын түшүнгөн жана чечүү жолун сунуш кыла алган адам келсе жакшы болмок.

Марал: Жаңы-вице-премьер-министр эмнелерге көңүл бурушу керек?

Мирлан Бакиров: Жердерди тактоо боюнча түзүлгөн комиссияны карап чыгып, туруктуу курамды аныкташы зарыл. Комиссиянын статусун аныктоосу кажет. Комиссия мүчөлөрүнө талап кылынган материалдарды ыкчам жеткирип берип турушу керек. Анткени тегерек столдо пикир алышканда булар «куралданган» болушу абзел. Ошол эле карта, документтер, сүйлөшкөн  протоколдор сапаттуу болсо, жыйынтык болот деп ойлойм. Себеби ар кандай пикирлерди угуп жүрөбүз. Комиссиянын айрым мүчөлөрү бүгүн бар, эртең жок. Бирөө жумуштан кетип, анын ордуна башкасы келет. Жаңы мүчө маселе менен таанышканча убакыт өтөт. Ошондуктан туруктуу курам да маселени эртерээк жөнгө салууга түрткү болот.

Марал: Маегиңизге рахмат!

Эске салсак, Жеңиш Разаков вице-премьер болуп 2018-жылдын 20-апрелинен тарта иштеп, күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM