Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 358 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин сессиясында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени көтөрдү.

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун сакталышы кыргыз тарапты Уюмга мүчө бардык мамлекеттердин буга өзгөчө көңүл буруусуна басым жасоого милдеттендирерин белгиледи.

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат, өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүп чечүү боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат«, — деди Жапаров.

Садыр Жапаров бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда Уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну айтты.

Жапаров ошондой эле кыргыз тарап Уюмдун анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында өнөктөштөр менен бардык маселелер боюнча стратегиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM