Биз менен байланышыңыз

Бишкекте чектөө киргизилген көчөлөрдөгү унаалар жүктөлүп кетүүдө (видео)

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 378 | 0

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргызстандын футбол курамасы менен Тажикстандын курамасынын беттешине байланыштуу Бишкекте оюн өтүүчү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго жакын көчөлөрдүн жол жээктерине токтотулган унаалар Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан унаалар эвакуацияланууда. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү «Маралга» билдирди.

Мындай чара футбол күйөрмандарынын коопсуздугу жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу үчүн көрүлүп жатат.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы айдоочуларга маршрутту алдын ала пландоону эскертип, Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, ал эми Абдумомунов көчөсү —Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин жабыла турганын буга чейин билдирген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM