Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 423 | 0

Бүгүн, 18-ноябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министри канзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер Департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, азыркы регионалдык жана эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM